кечеңде

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Кечиккенсүү, убагында болбой, саал кечиге түшүү, кечирээк аткарылгансып калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…м, / Бар кишиден өзүм тек, / Убара болуп жол тартпай, / Упурак болуп бел ашпай, / Токойлоп жүрүп чөлдөбөй, / Корумдуу коону өрдөбөй, / Кечип жүрбөй саздарды, / Кечеңдетпей аттарды, / Колго келди талабым, / Үч жүз он беш кишиге, / Бирден эрен, карагын, / Мен-менсиген Манасты, / Эми тор салып кармап аламын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кечеңдеп кийин калганда, / Балаага башың салдың — деп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →