кече2
- Тантык, тил билбес, кепке-сөзгө жакшы түшүнбөс.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Медеркан менен тилдешкен, / Бекем байлап сүйлөшкөн, / Билгич киши бул экен, / Келер ишти бүт билген: / — Мадыбекти сурайсың, / Башкадан дагы сураба, / Бекер өлүп кетесиң, / Өз жаныңды канткенде, / Мадыбек үчүн кечесиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аттанган бойдон кете албай, / Же Манастан кече албай, / Алмамбет турду арада, / Арстан эрден өтө албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кененимди жеңгенде, / Таласты талап келгенде, / Жашыл жээкти маа берет, / Куткарбас калат Таласта, / Тапан хан калат Шоркөлдө, / Куткарбас жаман куйбу эле, / Кантип жалгыз каламын, / Жан алар кыргыз бул элде, / Жаныман кетпей тургун, деп, / Кылбаса экен каргаша” / Деп ойлонуп ал Тете / Кыйалы кечет кырк санаа.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Гүлчоро айтат мындай деп: / — Шариаттын кеби бар, / Тобо кылса кечет деп, / Тозок оту өчөт деп, / Жалганы жок ырас кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Үй ичибиздеги кийим ,кечек, жипшуубуздан өөдө бердик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →