кетмен

китептерде 44 жолу, 9 китепте
  1. Жер казуу, арык чабуу ж.б. иштерге колдонулуучу эмгек куралы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбайга тапшырды, / Алты калаа Нарынга, / Алты шаар Анжыдан, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Кетмен-Төбө булардан, / Кабар алып турушка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атак эмес кишиге, / Элди талап мал тапмак, / Эл талап малын алганча, / Эгин эгип, кетмен чап, / Билегиң түрүп тер төгүп, / Аппак сүттө жаның бак, / Элге азап салдырбай, / Ылайык келет биз бармак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Андан ары өткөндө, / Кетментөбө жер деген, / Келишимдүү эр деген, / Кендирбайдын кер көкүл, / Жетимдиктен жетилген, / Эркин өсүп керилген, / Ак болоттой келишкен, / Эрдиги артык теминген, / Ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…, / Жеркен, Хотен, Лопнурга, / Кумарык, Арал, Азыкка, / Ак калпак кыргыз эл жердейт, / Ошолордун баарына, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Алты шаар, Анжыдан, / Кетментөбө, кең Жумгал, / Үстүнкү бөксө Алайдан, / Калбай келсин баары адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Кетмен чабышка али жарабапсың,— деди Мамирмазин. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →