кетиш

китептерде 89 жолу, 9 китепте
  1. Ынтымактары, ыркы кетүү, мамилеси бузулуу, араздашуу, ажырашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бет келгенди кыйратып, / Самарканга чогулмак / Болуп тарап кетишти, / Жай-жайына жатышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айрылып аттан турган жөө, / Чубак башын кескени, / Чоң Ылама, дөө Жолой, / Бу дүйнөдөн кеткени, / Чоң Жолойдун Ачбуудан, / Ыламанын Кууказык, / Кангайга кирип кетишти, / Чылбырын сүйрөп түз качып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кырк киши бар жанында, / Жыйырмасы алдында, / Жыйырмасы артында, / Түндөсү кирип кетишет, / Жылчыксыз тоонун бооруна, / Мингени кызыл буурул де, / Кийгени аппак буулум, де, / Чылбырына чырмалып, / Карадөө турду кечке, де, / Күн бешимге барганда, / Ошондо келди кепке, де: / “Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Агасынын сөзүн макул көрүшүп, үч бир тууган үч жолго кетишет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →