кетирей
- Мурду кыска, кетирекей көрүнүштө болуу, кетирекей тартып көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…канын жалапсың, / Кулдантыпсың уланын, / Көң кылыпсың жубанын, / Сен кылгандай мен кылып, / Тегиз тоодой элиңди, / Талап алып тынайын, / Талкалайын шаарыңды, / Кетирейин арыңды, / Кескилетип өлтүрүп, / Кем кылайын жаныңды, / Дорболотуп качырга, / Жүктөтөйүн зарыңды, / Жыпжылма-түптүз талкалап, / Кызыл мистен тамыңды, / Жагымдуу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кетирейин бул жерде, / Тийгизбей колго намысын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ажыратып алганын, / Көрүп турам эрдигин, / Кетирейин сүр менен, / Көрсөтүп туруп теңдигин, / Казакты жипке тиздирип, / Өгөөсүнөн жаткырып, / Колун-бутун кердирип, / Бир казакка эки эр, / Колуна тайак бердирип, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Балтаны тартып алганда, / Куну жок ага салганда, / Заарын тартып кетүүчү, / Нуш дары жок чабаарга, / Таласка барбай айла жок, / Амал жок мында кылаарга, / Ошондуктан бул жерден, / Түн бойунча узатып, / Кетирейин көчүрүп, / Күн санына жетпеди, / Аттангыла баарыңар, / Серек, Чубак, калыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгызкөз ачык угалбай, / Кара дөө окшойт — деп ойлоп, / Кычырып жатат агасын, / Кызыгып мага ал келсе, / Кетирейин чамасын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →