кетик

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Бир жери сынып же кетилип калган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бакайды карап кылчайып, / Семетей турду муну айтып: / — Абаке, сенде кебим бар, / Кебимде кетик жерим бар, / Дүрбүнү салып олтурсам, / Чыгыштан келди бир адам, / Айландырып карасам, / Кененимдей ченим бар, / Көкжал атам Манастын, / Тукуму эми үзүлүп, / Калабы деген шегим бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калчадан алдым Накылай, / Калмактан алдым Карабөрк, / Өзү алды деп ойлоду, / Атам эмес бу жүргөн, / Агаларым айтпадың, / Энем аман бар турат, / Же тайым Балта айтпадың, / Кең Букардан кыз көрүп, / Кенедей жерде кири жок, / Кетиксиз айдай ууз көрүп, / Алып берсин аны деп, / Абдылданы атайын, / Мен атама жибердим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чалгыным кетик учаарга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →