кети

китептерде 245 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин четинен сындырып, омуруп алуу, кетилген абалга келтирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каада-нарктуу кеп кылсаң, / Кырк балбанын кетирбей, / Кыйратат элем кек кылсам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…Калган отуз ойулгур, / Уккун кебим, оңбогур, / Азык-түлүк чатырды, / Асырап кал аныңды, / Ок-дары менен тон арткан, / Оорактагы баарыңды, / Ажырашса азыктан, / Кетирип койот шайымды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…атты, / Он-он беш күн күтүшүп, / Кулу менен күңүнү, / Калтырбады бирини, / Жалгыз бала Сейитек, / Бир закматы болор, деп, / Айдай катын Айчүрөк, / Баарын кайра кетирип, / Кул-күң болуп келгендер, / Көңүлү өстү жетилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Күйүп кетти кыпкызыл, / Көгөрүп чыккан кийе жок, / Күйүп Кенкол арыды, / Кызыл күлгө айланды, / Кетирем — деп сасыкты, / Кыргыз кайдан пайда алды? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →