кетенчикте

китептерде 26 жолу, 7 китепте
  1. Артын карай кадам шилтөө, чегинүү, артын көздөй жылуу.
  2. өт. Өксүү, начарлоо, артка кетүү.
  3. өт. Ийменүү, тартынуу, батына албоо, айбыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…неме, / Найзаны кармай алганы, / Кылыч менен жарар да, / Балта менен чабар да, / Топчу кулак карагер, / Жыландан бетер жылмаңдап, / Койондой ыргып кылт этип, / Кетенчиктеп кеткени, / Жайнап чыга бергынче, / Найза менен төртөөнү, / Катар сайып өткөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жанына киши барбады, / Эмне болуп жатат деп, / Көз кыйыгын салбады, / Кетенчиктеп бүгүлүп, / Келиндердей жүгүнүп, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындан бетер жүгүнүп, / Бели ооруп зыркырап, / Тизеси жоруп тызылдап, / Тарамышы түйүлүп, / Муундары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Муунумдун тилин сыдыр, деп, / Бакай айта салганы, / Алмак тургай Айчүрөк, / Кетенчиктеп жүгүнүп, / Жерге олтура калганы, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Сүйүнүп жашы токтобой, / Эр Бакайдан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кылчайып туруп Гүлчоро, / Жаш балдарга кеп айтат: / “Иним, менин Байтайлак, / Ишенгеним, Жалгызек, / Кетенчиктеп баскыла, / Аттарды кийин тарткыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аргымак жипти бек тиштеп, / Кетенчиктеп жөнөдү, / Барган сайын өөдөлөп, / Башкы зоого жакындап, / Келе жатат чөйрөлөп, / Аскадан чыкпай шып этип, / Тартылбай аркан койгондо, / Туйагы менен бек басып,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →