кетелек
- тар. Согушта колдонулуучу союл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ычтан тапкан айла жок, / Калды деми суушуп, / Чокморлошуп койушуп, / Акакташып соолушуп, / Маңдай-тескей марашып, / Дем өткөрүп турушуп, / Кекенишип демитип, / Кетелек алып келишип, / Одарышып бир ээрде, / Тамандашып тебишип, / Кайран жанды кейитип, / Эртеден кечке салышып, / Кечинде кайта келишип, / Баатырлар кайтып келгенде…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, чойун баш, / Кетелек менен сом темир – / Баарысын билет түгөнгүр, / Мылтык атып, жаа тартып, / Баарын билет Талана.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Найза, кылыч, балта бар, / Сом темир менен кетелек, / Андай жарак канча бар, / Бөрү тил учтуу канжар бар, / Учу кайкы шамшар бар, / Чойулуп чабар чоктор бар, / Очогор келте, Койчагыр, / Нечен түркүн мылтык бар,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кетелек белде кеңгиреп, / Мас болгон нардай зеңгиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калдуубетти көргөндө, / Томолонгон Сомбилек, / Чолосу тийбей өлгөнгө, / Кетелекти тайанып, / Ордунан тура калганы, / Кудай жүзүн нары кыл, / Буурул сакал боз атчан, / Бир киши келип калганы, / Далыдан аткый кармады, / Бир колуна атты алды, / Бурулуп жолго салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →