кете

китептерде 1208 жолу, 10 китепте
  1. Кымбат баалуу кездеменин түрү.
  2. Аялдардын баалуу кездемеден жасалган бешманты, кемсели.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катылбастан кетемин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…менен Балта дөө, / “Сынчыдан миң ат өлдү деп, / Хан Алмамбет баашабыз, / Каарлап алып кетти деп” / Калгандардан угуп кеп, / Куруп калган Сынчыбек, / Кокус өлүп кетер, деп, / Учуп жетип энтелеп: / — Баатыр ат биздерде, / Ат берели бул элге, / Сурап келдик Сынчыны, / Канын бериң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Байлар болсо, балдарын сатып алып калат экен, алардын ордуна түгү жок томояктар, биз кетет экенбиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →