кет1

китептерде 5658 жолу, 10 китепте
  1. Турган, болгон жеринен башка бир жакка жөнөө, кайтуу, баруу.
  2. Белгилүү бир абалдан чыгуу, мурдагысынан өзгөрүлүп, арылып, башкача абалга келүү, жоюлуу, жок болуу.
  3. Дүйнөдөн кайтуу, көзү өтүү.
  4. Болуп өтүү, болуп калуу.
  5. Жумшалуу, сарп кылынуу.
  6. Негизги этишке айкашып, кыймыл-аракеттин тезинен, чукулунан боло калганын, же кыймыл-аракеттин болуп өткөнүн билдирүүчү жардамчы этиш катары колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күндө келип Алооке, / Короомдон кетпей койгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жана айтса жана кеп, / Канчородон сураса, / Байакы айткан ошо кеп, / Элдер турат чуркурап, / Атынан айтпай Бакайды, / Олуйам бизге бергин, деп, / Кетели деп кескилеп, / Өлтүрүп ийсек экен дейт, / Боор сыртка тепкилеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кеттик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Бул жерге келген кайтып кетчү эмес. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →