кескин
- Кыска, шар, чечкиндүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Он беш күн кылып болжолдуу, / Кыскартып айткан кескин кеп- / “Катышпай кетем калкыма, / Үч жылдык төлүн эсептеп, / Бар малымды бергин –деп, / Алтын-күмүш алган зар,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Узунун кескин четинен, / Көзүнүн жашын агызган, / Абалын сурап жетимден, / Кедей менен сагырга, / Жесир менен жакырга, / Кайыр кыла жүргүлө, / Колуңда барың мындайга, / Бул …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арыбын Алмаң ким билет, / Арсылдап күлүп жиберет: / — Калың ээрдин кескин, — деп, / Калың эле эрини, / Кесип ийдиң Чубаке, / Тешип койгон жерини - / Эр Алмамбет баатырың, / Кең Бейжинде жүргөндө, / Кээ-кээсинде сонундап, / Керкти кармап минчү экен, / Керктин тилин билчү экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көбөштүн көзүн тешкиниң, / Абыке башын кескиниң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Чынар теректин жоонураак бутагынан кескин, анын баш аягын таарыгын да минип алып, Шатырадолунукуна жеткир десең, ал жеткирет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →