кески
- Митайым, зулум, куу, шылуун.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тийерине эр таппай, / Сийерине жер таппай, / Эр албаган эси күң,, / Кашка таман кески күң, / Чачың куудай болгуча, / Тишиң буудай болгуча, / Акун хандын төрүндө, / Көп олтуруп зак болгон, / Саамайың куудан ак болгон, / Сенин жайың укканмын, / Ке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кыйар кески Коңурбай, / Олутунда тура албай, / Ойрон болуп көп колу, / Алгара тулпар миниптир, / Карысына ал чочко, / Кандуу найза илиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
«Кече бир күнү ата журтубуз кескилешип кеткен бирөөнүн колуна тамак издеп, бүгүн кайсы бетибиз менен барабыз?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чалдын бул буюмдарын көрүп жана анын байып кеткенине ичи тарланган айылындагы кескилер токмоктон башкасын уур-дап кетишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →