кескелдирик

китептерде 13 жолу, 6 китепте
  1. Денесинде кабырчыктары бар, төрт буттуу, узун куйруктуу, сойлоп жүрүүчү кичинекей жаныбар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кескелдирик молтоңдоп, / Төө куштары койкоңдоп, / Куу чаар болуп таш бака, / Түк окшобойт башкага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ач кыйкырык-куу сүрөөн, / Олку-солку чоң дүрбөөн: / Мылтыктын үнү тарсылдап, / Доолбас үнү карсылдап, / Иттери үрүп арсылдап, / Кескелдирик, сары арыс, / “Келгин бери”, дегенсип, / Кишини карап кырсылдап, / Токойдун ичи бузулду; / Бир убакта кычырап, / Байкап турсаң токойдон, / Бөрү чыкты, чөө чыкт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
жыгачтар, / Шамал тийген немедей, / Үн чыгарып шуулдап, / Жалбырактар дирилдеп, / Жайылып жаткан жазы кум, / Жан киргендей шырылдап, / Таштын баары мыдырап, / Кескелдирик, ташбака, / Айласын таппай тыбырап, / Чиркей учпай кыңылдап, / Баатыр бала Сейитим, / Элебей турат зымырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кескелдирик жойлосо, / Кере кулач жыландай, / Жыландары жойлосо, / Жылдырып аркан тарткандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →