кесир

китептерде 50 жолу, 8 китепте
  1. Бир нерсенин баркын, кадырын билбеген текеберчилик, аны чангандык, баалабагандык же ошондой мамиледен улам болду деп эсеп кылынган кырсык.
  2. Зыян, залал, кесепет, каргаша.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылыктуу болгун боз балдар, / Баш кишиңер Орунбай, / Мойнуңду бурсаң кеп укпай, / Келгенде угам кылганын, / Мен кежирдин биримин, / Бириңе тийип кетпесин, / Бириңдин кылган кесирин, / Алын сурап тургула, / Жетим менен жесирдин, / “Карынын кебин бурчултпай, / Капка салып сактагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кезенишип көгөрүп, / Кесирлер найза өңөрүп, / Туулгасын томпойтуп, / Төбөсүнө көмөрүп, / Кемерлерин курчанып, / Кер сары тартып сумсайып, / Жутуп ийчүү немедей, / Бузулган күндөй кумсарып, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кароолчудан кеп сурап, / Антип жатса эр Сыргак, / Шууту келип калыптыр, / Ал Чубакка кожулдап: / — Жеке Сыргак болуптур, / Кесиретке толуптур, / Манас менен силерди, / Унутуп таштап койуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атанын кебин унутуп, / Ойлобой балдар эсирип, / Ушинтип калган кесирге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Колго түшүп Гүлчоро, / Жаман аттын айынан, / Далысынан кестирди, / Капталынан тештирди, / Арамдык кылып Канчоро, / Айчүрөктү олжого, / Жедигерге кетирди, / Чачыкейди өзү алып, / Айабай чайкап кесирди, / Олуйа Бакай карыга, / Төө кайтартып жөө койуп, / Жамандыкты жеткирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →