кесип

китептерде 292 жолу, 10 китепте
  1. Адистикти, жөндөмдүүлүктү талап кылуучу белгилүү иш тармагы же белгилүү багыт менен өнүктүрүлүп отурган ишмердүүлүк, профессия.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бетирке менен Калдыктын, / Башын кесип алмакчы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
– деди, / Башын кесип таштап кой, / Кана желдет тарт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колуң тийип баатырга, / Найза менен сайыпсың, / Кыйазга балта чаптырдың, / Сары мойун койондой, / Бирге өстүң сен экөөң, / Курдаштыкка карабай, / Кечирин кесип алдырдың, / Ыйыгы эле адамдын, / Эбегейсиз кар кылдың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Он эки кайың таякты суусунан кесип алып, ошолоруң сынганча сабасаң гана хан анан туруп келет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →