кесел

китептерде 18 жолу, 10 китепте
  1. Адамдын же жалпы эле жаныбарлардын сыркоо, оору абалы, дарт, илдет.
  2. Оорулуу, илдеттүү, сыркоологон адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…шка Сыргак жолборстун, / Кылгыл чалы баштаган, / Кырк чородой жолдоштун; / Ажыбайдай чеченди, / Олуйа Кошой, Музбурчак, / Алп Төштүктөй неченди; / Жакып хандай кеселди / Каныкейдей жесирди, / Семетейдей жетимди; / Баштан-айак калтырбай, / Жомокчу айтып билдирди, / Кээ кезинде элдерди, / Сагызгандай күлдүрдү, / Кээ кезинде элд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Укмуштуу киши Медеркан, / Маңдайынан сылады, / Билектен тамыр кармады, / Балага тийген кеселди, / Башка кебин салбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жакыптан киши барганда, / Чыйырды кесел болду, деп, / Айтып кабар салганда, / Болорун мурун болжодум, / Болсо талгак болот, деп, / Муну койнума катып койгомун, / Алгыр бүркүт жап канат, / Көзү өткүр эле, деп, / Ала келген Акбалта, / Сумуруктун көзү, деп, / Чыйырды көрүп шаттанат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Биздин эмне кеселибиз тиерин мен түшүнгөнүм жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Санаа ичкендей мен кесел белем, эч оорум жок, – дейт баягы киши. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →