кес1
- Өткүр курал менен (бычак, балта ж.б.) кыркуу, кыюу.
- Тилүү, тилик кылуу, тилип түшүү.
- Дарынын, уунун ж.б. күчүнө карама-каршы таасир этүү, жоюп жиберүү, жеңүү.
- Өксүтүү, кемитүү.
- Туура басып өтүү, туура өтүп кетүү.
- Чен, өлчөм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ “Башыман өткөн ишим, — деп, / Байкап көрсөм балама, / Башка эмес кесели, / Чигитей окшойт билдим, — деп, / Мурун балам сак болсо, / Эртең менен сак копсо, / Кечээ күнү шашкеде, / Таза туруп жин тийсе, / Улам-улам кубулса, / Ичкен ашын билбесе, / Ашык эмей эмине?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алтымыш алты алпым бар, / Кесилеттен башкасы, / Тең келеби Кененим, / Жалгыз кара бир башы, / Өлтүрүп койсом бул жерде, / Жанында караан киши жок, / Кыла турган көз жашы, / Жыга чаап Кененди, / Өлтүрүп койуп нетемин, / Не муратка жетемин?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Кыйалын башка бурбасын, / Кытайлыгын кылбасын, / Мен өлсөм мейли бир башым, / Тууган элим - алашым, / Түркүгү болгон Манасым, / Жөөсүндө каптап кетпесин, / Кескилеп этин кокустан, / Балакет ага жетпесин; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Жакшы кеспесинчи анан, атаңдын көрүлөрдүн жөн эле көздөрүн өлүп алайын,— деди кетип баратып, кайрылып бизге карап.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →