керээз
- Өлгөн адамдын артында калган жакындарына калтырган кеңеши, акыл-насаат, өтүнүчү.
- өт. Мурас.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кужурап барат келгендер, / Үйүнө кетип баратып: / — Кандай болгон жумуш бу, / Акыл-нуска аралаш, / Керээз өңдүү кеп айтып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Атадан калган керээзди, / Асли унутуп калбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Талана, барсаң барып кел, / Бачымыраак кайтып кел, / Керээз ашың ичип кел, / Өлүм тонуң бычып кел, / Кеңешиңди салып кел, / Катын -балаң бар болсо, / Ыраазылык алып кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карансыз дүйнө шум жалган, / Башым жерге киргенче, / Тизем жерге тийгенче, / Тим эле кантип берем — деп, / Канкор Манас баатырдын, / Катын, бала бүлөөсүн, / Кармап турсам керээз — деп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мени күн чыкканча кайтарсаң көмөсүң, күн чыкканча кайтара албасаң, көгүчкөн көйнөгүм колуңда калды, сөөгүмдү алдырып жиберип, артымдан калбай өлөсүң, – деп кыз керээз айтты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →