керчөө
- Койдун төш жаккы бөлүгүнөн териси менен кошо кесилип алынган майлуу эти.
- аңч. Мылтыктын кундагы менен шыйрагын кадаган кадоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лип чачтырып; / Сары кантын чактырып, / Зардек менен мейизди, / Ыгы менен салдырып, / Палоосун мыктап бастырып, / Бор койуна Токтосарт, / Кошо бата кылдырып, / Керчөөсүн кебеп бышырып, / Боору менен куйругун, / Майлуу боор кылып кесиптир, / Күмүштөн соккон бешилик, / Алып келип бердирип, / Коону менен дарбызын, / Торгоч, шабдоо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →