керт

китептерде 44 жолу, 9 китепте
  1. Кыркуу, кесүү, кыя чабуу, тууроо.
  2. Кыска, так, даана, кесе.
  3. Кырка тиштөө, тиштеп кыркуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карылары былк этпей, / Казы кертип жеп жатат, / Тамаша менен кеч кирип, / Жана айланып таң атат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененим менен кездешем, / Керт башыма беттешем, / Тирүүлүктөн үмүт жок, / Өлүм жагын жиктешем. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сүт катыктап чай койду, / Каймакка бышкан токочтон, / Чагы менен жай койду, / Жарты киши тойгундай, / Керткен казы-жал койду, / Жатар ашы балдардын, / Ошол эле болгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайыпчынын тоосу деп, / Үстү арсак аппак тоо, / Этеги кырка кызыл зоо, / Салаңдап келген тумшукта, / Туташкан түздө урчукта, / Керкилеп кертип чапкандай, / Жиптен керип тарткандай, / Зымылдаган зоо эле, / Зоону түптөп келатып, / Жоголуп кетти бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кең соорусу келишкен, / Кебездей болгон көкүлү, / Көзүнө ченеп керткендей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →