керсей
- Тоотмоксон болуп кекирейүү, бой көтөрүү, көктү карап калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…сак кыйратып, / Андай малдан нечени, / Жатып конгон жайда бар, / Бир жүз сексен төө берсек, / Андан артык пайда бар, / Деп Чойун алп айтканда, / Темирбек турду керсейип, / Тиктеп калып чекчейип: / — Ой Чойун алп, сырдашым, / Мен көргөмүн неченди, / Көрбөдүм кылдат сенчелик.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жеркендин кызы Жезбилек, / Жеңеси мунун турбайбы, / Дегеле кыйын керсейет, / Амансыңбы, шүгүр жок?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ууга чыкты адырга, / Эриккенден Эр Сейит, / Кошуунун айдап кол бүтүп, / Бир балбан келет керсейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ыркырап сөөгү какшады, / Тарткылашкан найзаны, / Беркерге калды баштагы, / Одурайган Тапактын, / Оолукканын айтайын: / — Алыстан келген сен Сейит, / Тоотпойсуң керсейип, / Мен Тапактан өлөсүң, / Жерге кирип тепселип!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эр Кенендин жаш Сейит, / Куткарбас кетип баратса, / Карап турбайт керсейип, / Куткарбастын артынан, / Телкүрөң менен тап берип: / — Сен Куткарбас, мен Сейит, / Калк башкарган хан туруп, / Эл башкарган эр туруп, / Эрегишкен эрлерди, / Айыргалы келдиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →