керней
- Түтүндү сыртка чыгаруу үчүн каңылтырдан жасалган түтүк, мештин түтүн түтүгү.
- муз. Ооз менен үйлөп тарта турган музыкалык аспап.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ага чейин батыштан, / Тополоңдоп тос чыкты, / Топурак учуп боз чыкты, / Жалпылдап желек туу чыкты, / Тоо бузулуп жер солкуп, / Кернейдин үнү чуу чыкты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Дабытай менен Ачакан, / Калдагай кулак Чойун алп, / Кол башкарган мыктысын, / Койбой баарын келтирди: / — Тайарлыгың кыл, — деди, / Тайар болуп тур, — деди, / Керней тартып чуу салып, / Сурнайдын үнүн чыгарбай, / Доолбасты урбастан, / Айал кылып турбастан, / Коросонго караган, / Таласты карай бас, — деди, / Ачаканга караган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мурун андай болчу эмес, / Кернейдин үнү угулуп, / Доолбас үнү карсылдап, / Атылып мылтык тарсылдап, / Найза, кылыч – жаракчан, / Колдорунда жартылдап, / Гүлүстөн анда муну айтат, / Кутургур чыкты бел байлап, / Аттанды аскер жайнап, / Алса дагы албаса, / Күн бешимге барганда, / Айылга тийет айгайлап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Хандар келип олтурду, / Баштоочу уруш кернейди, / Бир тарапка койдурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →