керме

китептерде 53 жолу, 9 китепте
  1. Мал байлоо же бир нерсе жаюу, илүү үчүн тартылган аркан, жип.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алты боосу үзүктүн, / Аруулап соккон термеден, / Жазылыгы төш жары, / Тегиричи дейилда, / Кермеден кетпей жергелеп, / Ат котолоп айылда, / Тегеректеп желеге, / Жылкы жуушап калганда, / Туйактанып баса албай, / Жөө киши барбай айылга, / Жойлоп барган ит тийбей, / Төгүп салган майына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жыш айыл эки болгондур, / Бөлүнүп четтей койгондур, / Бөлүнүп үйү конбосо, / Аттарын байлап койгондур, / Кермесине жергелеп, / Келишкен аттар толгондур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бай Жакып чыкты бакырып, / Чыйырды чыкты чыңырып, / Кыргыздар келди жыйылып, / Хан Бакай баштап күйүгүп, / Кабылан укту туйунуп, / Кермеден атты алдырды, / Нөөкөрлөргө буйуруп, / Отуз нөөкөр кыл шайы, / Ордодо кызмат кылганы, / Орунсуз кепке арданып, / Оолугуп кыргыз турбады, / Туучунак атын алдыры… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өлбөй жүрсөм бир күнү, / Керменден кайтып келермин... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →