кериш1
- Талаш-тартыш, уруш, чатак.
- Кармаш, салгылаш, согуш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаага огун керишет, / Жамбашында салмоору, / Таш мылтыгын илишет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кар болбосун карылар, / Мас жүрбөсүн жаш балдар, / Керишпесин келиндер, / Урушпасын уландар, / Урматтуу болсун жубандар, / Кылыктуу өссүн кыз-балдар, / Бузулбасын боз балдар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сайдырып найза баатырга, / Керишип кулач жаа тартып, / Устунга илген жамбы атып, / Жыргалга батып сайрандап, / Бейкут, бейпил тынч жатып, / Кемпири майга карабай, / Келини каймак жалабай, / Кыргыздын толгон кези экен, / Улагадан агып май.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Төрт казыкка керишип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
сапырып, / Кылычташып урушуп, / Кыйындык менен турушуп, / Оодарышып жулушуп, / Кийимдерди булушуп, / Күнү-түнү уланып, / Күндө күчөп дууланып, / Жебесин жаага керишип, / Жаздыра огун беришип, / Тамандашып тебишип, / Билектешип тартышып, / Биринен-бири кем эмес, / Коромжу менен Сомбилек, / Алты ай жүрсө урушуп, / Нойуп калар …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →