кери2
- Тетири, тескери, оңго карама-каршы.
- Аркасы, желкеси.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүлөнүп алган зор Манас, / Көлдүгү менен кери жок, / Көрүнүп турса Коңурбай, / Кечпей койор жери жок, / Жардын башын кулатып, / Сууга кирди чуратып, / Таш ургандай чулп этип, / Чөгүп кетип жоголуп, / Суу көтөрүп калкытып, / Кайта чыкты коройуп, / Этектери жайылып, / Бел кырчоодон малынып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калың элдин ичине, / Калкаланды Шыпшайдар, / Хан Манастын жигитин, / Талкалады Шыпшайдар, / Кезенип тартып керичин, / Чалкалады Шыпшайдар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кезек менен кери жок, / Канчоро менен Кызыл дөө, / Кыйамын тапса келтирип, / Баш кеспей кетер кейпи жок!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Бышыгы менен кери жок, / Чийкиси менен иши жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эркек койдон кырк миңди, / Керикинен, пилден бир, / Сиз алычу керк, пилдер, / Тандалып чыккан миңден бир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →