кержеңде
- Башын кержектетүү, кержең-кержең этүү, кержейүү.
- Кыйыктануу, кежирленүү, каршылык кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Тотой балбан барып кел, / Кетсе койгун эркине, / Кеп талашса кержеңдеп, / Башын кесип алып кел!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кете берем Бекбача, / Кержеңдесең тил албай, / Кекенчимди чыгарам, / Айдап малың чубатам, / Каратып туруп көзүңө, / Кырк балбаның сулатам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кержеңдетип керк минип, / Келди Адик менменсип, / Кетелек алып колуна, / Кетирмекчи ойунда, / Кез келген эрди жолуна.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейит анда жок болсо, / Жүр деп айтып келмекчи, / Тил албаса кержеңдеп, / Эдебин колго бермекчи, / Чойтолоң менен Тазкара, / Талпагын ташка кермекчи.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кержеңдеген Сур кула, / Келиштирип минипсиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →