кереметтүү

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Сыйкырдуу, касиеттүү, адам таң калгыдай керемети бар.
  2. Адам суктанарлык, эң сонун, укмуштай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кереметтүү зор калча, / Келгенимди билиптир, / Кетеримди билиптир, / Шамдай болгон кырк бала, / Жол тостуруп койуптур, / Маңдай-тескей карашып, / Булар көчө болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кененим анда кеп айтат, / Кереметтүү сөз айтат: / — Тил алсаң, балам, барбагын, / Калмак келсе келгендир, / Казактар конуш бергендир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Карыйа Бакай карк этип, / Жез комуздай шаңк этип: / — Андай болсо Гүлүсүм, / Ой, Каныкей айашым, / Кереметтүү киши элең, / Келээр чакта иштерди, / Канча жылда келээрин, / Учур чакта билчү элең. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кереметтүү зор калча, / Учарымды билиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Ал аялың кандай, кереметтүү эме беле? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →