керектүү

китептерде 22 жолу, 8 китепте
  1. Кереги бар, керек боло турган, зарылдыгы, пайдасы бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келин-уулдан ажырап, / Керектүү малдан ажырап, / Араң турган алсырап, / Абышка кайдан тартынат: / — Бок жедиң деп тилдедиң, / Таратып каңгай тынч элди, / Бокту чындап сен жедиң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Каныкей чыгып кеткен соң, / Борончуну чакырып: / — Элге кабар салгын, — деп, / Өз–жат дебей барсын, — деп / Керней менен кабар бер, / Такыр уксун турган эл, / Керектүү жабдык калбасын, / Өнөрлүү жатып албасын, / Өзү куру барбасын, / Жыгач менен темирге, / Керек болор нерседен, / Кемип бирөө барбасын, / Кардыкачты өрдөсүн, / Э… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыз Кылжыке жубайы, / Кебезден кылган олпокту, / Кеңири төшөк салдырып, / Кештелеген жаздыгын, / Керилтип башка жаздатып, / Келберсиген көкжалды, / Алып келип жаткызып, / Артын ойлоп ар ишти, / Керектүү нечен дарысын, / Ала жүргөн Кылжыке. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Керектүүңдү такыр айт, / Кем-керчиңди койбой айт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жумаланып тайгандар, / Кулап түшкөн аскадан, / Өөдө карай чыга албай, / улуп жаткан экен деп, / Жол табалбай башкадан, / Же болбосо тайгандар, / Керектүүнү тапканбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →