керек

китептерде 369 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсеге зарылдыгы, муктаждыгы бар, керектелүүгө тийиш, муктаждык, зарылдык.
  2. Кыймыл-аракеттин аткарылыш зарылдыгын, тийиш экендигин же күмөндүүлүгүн көрсөтүүчү көмөкчү этиш катарында колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачанын кеби деп, / Бизге акыл эми деп, / Келгендердин ат-тонун, / Өзүнө берип бүт баарын: / — Кереги жок кишинин, / Кыргыздын алдым өз малын, / Мында турбай телмирип, / Үй-үйүңө кет барың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененимге былк этпей, / Туруп берип майданда, / Андестик керек эмеспи, / Аңкоолук кылбай мындайда! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир качан, / Кысылса тийет кереги. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бул Шадыкандын зайыбы болуу керек деп жоромолдодум. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кызды ким алышы керек? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →