кереге

китептерде 31 жолу, 7 китепте
  1. Боз үйдүн бири-бирине кайчылаштырып, көк менен бекитилген, төрт чарчы көздөрү бар, сыртынан чий, кийиз каланып, үстүнкү кырына ууктарды беките турган каптал жыгачтары.
  2. Тамдын же башка курулуштардын дубалы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…м-зым этип зымырап, / Манжулардын чоң Бодоң, / Эч нерсени элебей, / Эр Бекбача жолборсту, / Бучкагына теңебей, / Бекбачаны баш кылып, / Кетемин деп талкалап, / Кереге таштай кеңкейип, / Көөдөндө керип чалкалап, / Найзасын күүлөп булгалап, / Манжулап Бодоң бакырып, / Кирип келди кысталак, / Бекбачаны качырып, / Бекбачаны кара… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Олтурарга орун жок, / Көчүк койор токум жок, / Керегеге сүйөнүп, / Туруп калды бир демге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керегесин көктөбөй, / Сары жез менен тээктеп, / Ак этегин үйүңдүн, / Кундуз менен жээктеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кереге-уугун үйлөрдүн, / Журтуна таштап салыңар, / Тийбей ташта тактасын, / Жибектен кылган бактасын, / От кетпесин туташып, / Абдан кара бакчасын, / Сомбилек менен Төтөгө, / Өздөрү билип башкарсын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан — Бала Курман. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →