керебет
- Эки башында буттары бар, үстүнө төшөнчү салып отурууга, жатууга ылайыкталган үй буюму.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эр жагына койдурган, / Кызыл алтын керебет, / Керебет алтын тактага, / Кебезден бүткөн макмалга, / Тоодой болгон хан Кошой – / Эрен барып олтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аккан дайра жерине, / Суктанманын элине, / Төбөсүнөн ылдыйлап, / Коргошун болуп куйулуп, / Кечки дигер мезгилде, / Керебет алтын тактада, / Жаткан кезде Суктанма.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кулпу салчу төңөлүк, / Көзөөсүз туйук болуптур, / Аны Кошой абабыз, / Көзөөлүү кылып ойуптур, / Жетпей кыска болгондо, / Узатып Чүрөк чойуптур, / Кара лөк кому жерде экен, / Гүлүстөнүм комдоду, / Сейитегим уктачу, / Керебет алтын болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кыздардын бери жагында, / Келбээрсип булар отурган, / Керебет алтын тагында, / Алардан ары төр жакта, / Ажыдаардай айбаты, / Арстандан бирөө көрүндү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– деп керебет суроо менен бүтүрөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →