кербенчи
- Кербен тарткан, кербенге катышкан киши, соодагер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Керк менен пил кармап, / Кербенчиден тил кармап, / Айттырып кепке канайым, / Абыдан кабар алайын, / Көрүнүп турган Кантунга, / Барып келе калайын, / Жөө бөрүсү Чубакты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кербенчиден кеп уктум, / Келгендерден мен уктум, / Атабыз баатыр Манастан, / Айтылып калган жомоктон, / Абыдан жайын мен уктум.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кербенчи жолдон кетеби, / Бере берсе Токтосарт, / Бербейби Семең нечени?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Атам заманынан бери кербенчилердин конушубу: ичи-тышы үнөм от жагып тургандай капкара көө.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жигит кудуктан узап кеткенден кийин, бул жерге кербенчилер келишти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →