кербен

китептерде 63 жолу, 10 китепте
  1. Узак жол тартуучу жүктүү унаалардын (көбүнчө төөлөрдүн) тобу.
  2. Кербенчи (кербен башкарган, кербен менен жол тарткан киши).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Караладым кат менен, / Алтымыш байрак кагаздын, / Бир эмес кагаз жүз барча, / Элөөсүз элге карматтым, / Түбүмө менин жеткенде, / Бекбача мында кеткенде, / Ар кайдан келген кербенге, / Тараткын деп элдерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кош жаңырык кужулдап, / Өйүз-бүйүз зоолору, / Кербен келген белем, деп, / Соодагер келген белем, деп, / Сонундан алат элем деп, / Оолжуп тиктеп турганда, / Алды жаккы төө тыныш, / Жабыла жайнап эл келет, / Көтөрө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Айтумуштун эли экен, / Кербендер айткан Таласта, / Жалганы жок чын экен, / Чынгыш менен Суумерген, / Баштан айак чыр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Томайагың байыптыр, / Токумдарың кайыптыр, / Жолборсум Көкчө деп жүрүп, / Жолунан мен кул тайыптыр, / Кетечесин кайыптыр, / Кедейлериң байыптыр, / Кербеним Көкчө деп жүрүп, / Кебинен мен кул тайыптыр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кербендерден кеп угуп, / Кеменгер Манас эркеси / Кеңколдо жатат — деп угуп, / Соодагерден кеп угуп, / Султан Манас тукуму, / Сонундап жатат — деп угуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →