кептүү2

китептерде 5 жолу, 4 китепте кептүү 1 →
  1. Сөзмөр, чечен, кепке кыйын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Медеркан келди элине, / Жээн жайлоонун жерине, / Карысы менен эстүүсүн, / Калк ичинде кептүүсү, / Ушаланган, сынганга, / Дары чапчуу эптүүсүн, / Жан кишиге ыктуусун, / Кепке жакын шыктуусун, / Кулакка кеби жагымдуу, / Кеп айтууга ыктуусун, / Кычырып келд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…а турган Чынаача, / Көз жиберип байкаса, / Бул өңдүү киши табылбас, / Сарала атчан бирөө бар, / Анын оң кол жагында, / Алтын чырай нур беттүү, / Ийриси жок түз кептүү, / Пешенеси жапжайык, / Пендеден ашкан келбеттүү, / Каралжын ыраң тону бар, / Калдагай келген топчулар, / Сыныктын эбин тапчудай, / Сыйкыры журтту басчудай, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алтын айдар нур жүздүү, / Азыз хандын Алмамбет, / Алтын кемер бото кур, / Күн чагылса жарк этет, / Узун бойлуу, ак беттүү, / Ийриси жок түз кептүү, / Бадана тонун жамынып, / Бар кудайга жалынып, / Башында көөхар диңзи таш, / Жаркыны көккө тартылып, / Сом темирин артынып, / Доолбасын байланып, / Асабасын к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп шумпайды Тапан хан, / Сыздырып жолго салганы, / Бала кептүү шумпай кыз, / Барган жери Куткарбас, / Тапан хандын саламын, / Куткарбаска билгизди, / Өзүнүн барлык амалын: / — Тартып алып катынын, / Тапакка кайгы салыпсың,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Аларга айла кылууга, / Айчүрөк калды камынып, / Акун хандын элинде, / Элчибек деген эптүү бар, / Эл чогулса жыйынга, / Ортого түшчү кептүү бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →