кептеш2

китептерде 10 жолу, 4 китепте кептеш 1 →
  1. Сүйлөшүү, кеп салышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кептештен чыккан Чаткалда, / Карасуу чалчык саздаңда, / Мылтыктын үнү тарсылдап, / Кызыл жалын от чыкты, / Алоолонуп асманга, / Өлүмдөн коркпос баатырлар, / Айтылып калды дастанга, / Келе жаткан Бактыбай, / Желип чыкты капталга. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ А көрүктү, Кубатай, / Чигитей менен беттешип, / Сыр чечишип кептешип, / Жедигерди экөөбүз, / Бөлүп алсак эп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Деп Кызыл алп айтып кеп, / Айабай тамак ичип-жеп, / Карды тойуп дардайып, / Бармакка эртең камданып, / Турганда дөөлөр кептешип, / Кененим жетти кездешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…уулу турмайлык, / Сарыбай өзү келсе да, / Мен барамын өзүм, — деп, / Ит кезгенге ынак кул, / Мен ойойун көзүң, — деп, / Саламат менен беттешем, / Кеңешим айтып кептешем, / Кеңеш кепке кирбесе, / Байлап алып кетпесем, / Кененимге көрсөтүп, / Көрүнөө башын кеспесем, / Айтканымды кылбасам, / Дабытай болуп мен нетем? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Зымылдаган капчыгай, / Бир кептешке келгенде, / Такашып Коңур калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →