кепте
- Бир нерсенин сыртына керипчоюп каптоо, каптап кийгизүү.
- Шыкап, тыгындап коюу, шыкап бекитүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– деди Бетирке, / Кел олтур деп карасам, / Этегинен жылтырап, / Кылычтын учу кептенет, / Чыгып турду көрдүңбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кеңеш кепте ушулар, / Эми Кененимден кабар алалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чойтолоңду жектесем, / Укканын айтса чынбы деп, / Тузак таап кебин кептесем, / Чойтолоң ойлоп калат го, / Өлөм деп мындан кетпесем?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каныкейди караса, / Умай эне ал экен, / Семетейге серп салса, / Он төрт күнкү ай экен, / Уккан кепте болжолу, / Ал Жүсүпчө бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаткан жерде жатын бир, / Жайылганда малы бир, / Жайы-кышы айыл бир, / Айткан кепте акыл бир, / Тамыры туташ такыр бир, / Аралаш жүргөн жети хан, / Айткан кебин акташкан, / Акырет болуп бир-бирин, / Жат душмандан сакташкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →