кепе
- Адам жашоо үчүн салынган кичинекей, жапыз үй, жер там.
- Мал же үй канаттууларын киргизе турган кичинекей там.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калмакка болгон каранды, / Элүү бири барганы, / Кененим менен көрүшүп, / Кебин айтып калганы, / Баарысынын кеби окшош, / Өзүмө кишен салды, деп, / Алтын-зарым алды, деп, / Аргымагым минди, деп, / Катын-кыздын баарысы, / Күн тийбеген жерлерде, / Саманкана,кепеде, / Саргарып өңдөн азды, деп, / Сарсана болуп жатты, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Кепечелик үйү жок, / Керилип жатар төшөк жок, / Тарсылдап мөндүр урганда, / Маанектерге үңкүр жок, / Каран күн башка түшкөндө, / Каргадай жалгыз жолдош жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жапандын жайы мамындай, / Камыштан салган кепелер, / Тентип жүрчү немелер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бейшемби келгенде биз кепеге чөп үйүп жатканбыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Чыла жыттанган караңгы кепеде токулуу турган даяр аттарды мине коюп, биз да кечикпей жөнөдүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →