кенже

китептерде 44 жолу, 9 китепте
  1. Жаш жагынан эң кичүү, акыркы, соңку, баарынан кийин төрөлгөн.
  2. Малдын эң кийин туулган төлүнө карата айтылат.
  3. Наамы, даражасы, кызмат абалы ж.б. жагынан башкалардан кичүү, төмөнкү баскычта деген мааниде колдонулат.
  4. Баштапкы, кийинки (классы, курсу ж.б. боюнча).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ма менен Суктанма, / Калыбектин хан Калча, / Азыркы жүргөн бендеден, / Кара тоодой бир барча, / Кара аскерден санак жок, / Жөө тумандай сан канча, / Карадөөнүн кенжесин, / Аларга салган азабын, / Сейитимдин казабын, / Бенденин көзү көрбөсүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Калмактын эли көбүрөөк, / Көйкашкалар көмүлүп, / Көп да болсо чөбүрөөк, / Майдасы калды, чоңу жок, / Кенже койдой чөбүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тогуз уул кенжесин, / Кар кылбасын жасаган, / Мындай кылып пендесин / Ары өткөнү бирди чаап, / Бери өткөнү бирди чаап, / Айдай нурдуу бетинен, / Кызыл кан турат тамчылап, / Ойун … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алоокенин чоң, уулу, / Атактуу баатыр чоң Коңур, / Алтымыштын кенжеси, / Жаңы баатыр Ороккыр, / Ал Ороккыр деген эр экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эң кенжеси болучумун. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →