кенендик

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Аянттын, орундун же ички көлөмүнүн кең, кенен экендиги, чоңдугу, жазылыгы.
  2. Кандайдыр бир нерсенин кененчилиги, жетиштүүлүгү, тартыш эместиги.
  3. Кең пейилдүүлүк, марттык, сараң эместик.
  4. Көтөрүмдүүлүк, оор басырыктуулук, ичи тар эместик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кокүн өлдү баш кишиң, / Кыргыз деген кандай эл, / Кенендигиң билгиниң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ы, / Тогуз бээни түлөөгө, / Мойнокто арнап алыптыр: / “Самаркандын чоң деңиз, / Аккан чалкар көл эле, / Бойунда жүрүп мен жердеп, / Ар качан колдо дээр элем, / Кенендигиң, кеңдигиң, / Эр Манаска берерсиң: / Толкуганда бууланган, / Көргөндүн өңү кубарган, / Чубакка түрүң берерсиң: / Киргенде кыйан сел аккан, / Келе албай бенде за… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кенендигин билгизди, / Султанга суп тон кийгизди, / Сүрсүгөн эттен жегизди, / Суу-сууда жаткан жоолордун, / Сууруп келип жылкысын, / Сур жорго атка мингизди, / Султандыгы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керкиттиктин элине, / Кенендигиң билгиздиң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →