кенедей

китептерде 65 жолу, 9 китепте
  1. Тырмактай, кичинекей.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көптүгүнөн апкаарып, / Коркуп койбойт кенедей, / Кыргыз, калмак кектешти, / Чигитей, Дөрбөн беттешти, / Дөрбөн ойлойт ойунда, / Өлтүрбөй кайра кетпести. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кененимдин сайганын, / Кенеп койбойт кенедей, / Ат үстүндө солк этип, / Балбан экен ченебей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Ханга жагып кетти – деп, / Билди кеңеш кепти” – деп, / Аз сандуу ордо адамы, / Ичтери көөп тарсайды, / Көрүнөө алы келе албай, / Көргөзүп кастык кыла албай, / Эч жеринен ойлонуп, / Кенедей өөн таба албай, / Намысты таштап ыргытып, / Жалаа жабат уйалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арча тору буудандай, / Секирип түшүп Семетей, / Эрлиги артык түгөнгүр, / Кара ташты көнөктөй, / Көзүнө илбей кенедей, / Аткый карман батмандап, / Кара ташты көтөрдү, / Көтөрүлбөй кара таш, / Күч келгенде жөтөлдү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →