кенебес

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Коркууну, кооптонууну билбеген, эчтемени капарына албаган, чыдамкай, кенебеген, анча-мынчаны тоотпогон, көңүлүнө албаган.
  2. Кайдыгер.
  3. Кайдыгерлик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Олжо менен кээри жок, / Ойротто мындай неме жок, / Алтын менен арбын мал, / Аны менен кээри жок, / Ааламда мындай неме жок, / Эчтемени элебес, / Эр экен өтө кенебес, / Каңгайлар элден кеткели, / Ак калпак кыргыз алаштын, / Ардыгы ичтен кеткени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ттын даңканы, / Топону көккө сапырып, / Кар менен качырып, / Күүсү менен сураттын, / Күчтү найза урганы, / Канкордун уулу эр Семең, / Кабагым-кашым дебестен, / Кенебестен турганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ойротто жок Сейитек, / Опсуз батыр эр экен, / Эчтемени кенебес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
…ен байкап көрдүм кулунум, / Айтканымды уккунуң, / Уктап жаткан Сомбилек, / Ашкере баатыр эр экен, / Баатырлыгы билинди, / Балбандыгы чын экен, / Коргошун жүрөк кенебес, / Козголуп койор неме эмес, / Калдуубет менен Коромжу, / Бучкагына теңебес, / Болуп жаткан ызы-чуу, / Оңой-олтоң кеп эмес, / Же болбосо Сомбилек, / Өлүп калга… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Жалпайтып тиккен чатырды, / Көпкөк темир кийинген, / Жалтанбаган баатырды, / Бала балбан Сомбилек, / Коркпос баатыр таш жүрөк, / Ажыдаар ооз, жалын көз, / Ал сексен миң аскерди, / Бучкагына теңебес, / Эрдин эри эмесби, / Эчтемеден кенебес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →