кендир

китептерде 18 жолу, 7 китепте
  1. Буласы мүшөк, таар согууга, аркан, жип жасоого керектелүүчү өсүмдүк, кара куурай жана ушул өсүмдүктүн буласы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

кол болуп, / Арстан эрди көргөндө, / Батай, Катай бүгүлдү, / Кара жандан түңүлдү, / Артынан түшүп жүгүрдү, / Мойунга саадак салышты, / Кылычты чечип алышты, / Кендиргелеп жүгүнүп, / Келин болуп барышты, / Колунан кетип экөөнүн, / Ошол жерде намысы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондуг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кендирбайдын Керкөкүл, / Жаңыдан колун кураган, / Жалманган жоодон жанбаган, / Табы күчтүү кор экен, / Тамылжып турган зор экен, / Ээрчитип келген кишиси, / Жыйырма беш сан кол экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдыраган Токтосарт, / Кандыргалап бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендир келет бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Коркуп турат калчылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Булар ушинтип жатканда мен бир кендир көтөрмөнү алдым да күндөгү маалды көрүп, отунга кетип калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →