кен

китептерде 71 жолу, 8 китепте
  1. Жер алдынан казылып алынуучу темир, жез, коргошун, сымап, сурьма, алтын, көмүр ж.б. сыяктуу жер байлыктары.
  2. Ушундай жер байлыктарын казып алуу иштерин жүргүзгөн объектилер жана ушуга байланыштуу атайын өнөр жай мекемеси.
  3. өт. Бир нерсенин өтө мол, бай, абдан көп экендигин билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Келип калса хан Калдык, / Тарашанын кырында, / Алай-күн өтүп кетет, — деп, / Аны ойлойт Атынек,- / Көкбөрү келип эми эле, / Мага салат кеңешти, / Мен акылдын кени, — деп, / Менин тилим албаса, / Жеңемин деп Асылды, / Кыла берсе талпаза, / Өзү өлүп кетет”, деп, / Көкбөрүнүн акылы, / Атынектин көзүнө, / Айнектен тунук жары… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…, / Деңизинин бойунда, / Өрдөк, чүрөк, кайырма, / Аралашкан соно бар, / Салынып келген деңизге, / Сандуба деген жер ошо; / Калкайып кара көрүнгөн, / Карачайдын кени ошо; / Арасында саргарган, / Алтын менен күмүштү, / Казып жаткан эл ошо; / Каарына алса чоң Туңша, / Каптап келээр сел ошо; / Катар-катар тамы бар, / Сейрек та… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бир жыл өтүп кетиптир, / Жыл айланып жетиптир, / Кутубайдын Кара дөө, / Жетисууда жата албай, / Кайыпчыда мурунтан, / Кайберендин кени бар, / Жерин чардап, эл чардап, / Тамаша кылып сайрандап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Коргошундун кени урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…кадан, / Дегеле айбан келбеди, / Зоо арасы тектирди, / Эчки-теке жердеди, / Куму менен курбусун, / Аркар-кулжа ээледи, / Жыгачы көп ал жерде, / Канаттуунун бар кени. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →