кемсин
- Кимдир бирөөдөн же көпчүлүктөн корунгансып чүнчүү, басынуу, өзүн башкалардан кем саноо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кекөөрүн жеп кээ-кээдэ, / Коңурбай, Жолой, Нескара – / Бул үчөөнөн кем экен, / Кемсинтип жүрүп бул үчөө, / Тартынчаак болгон неме экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Калыбектин хан Калча, / Эрдигиң анча эмес деп, / Кемсинтесиң неге анча?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кезеги келген күнү эле, / Баарыбызды кемсинтет, / Жылкыдай жылма жүн менен, / Койдой коңур үн менен, / Билбей туйбай эч неме, / Көрбөгөн болуп биз кетсек, / Эми үч жылда булкунтуп, / Тоотору менен Сейтек, / Ал күндө бизде кемитпес; / Кемитем десе Сейтек, / Айчүрөк ага жол бербес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жилин, Чаңбай жерлерин, / Анжу, манжу алганы, / Эр Жолойду баш кылып, / Кытайларды кемсинтип, / Тоого айдап салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →