кемсел
- Ичи ичтелип же эндей тигилген, этеги тизеге чейин келген сырт кийим.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урматтуу катын Көкөйдүн, / Кийгени жаргак сары шым, / Төбөгө чачы түйүлүү, / Белине балдак илилүү, / Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кылса, / Өлтүрүп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Башына үкү сайынып, / Кемселге седеп тагынып, / Чыккан күнгө туш келсе, / Көз уйалтып чагылып, / Кызы сонун кыргыздын, / Ийни салык, мойну кез.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
– Кыз, бүгүн биздин үйгө барып, мага бир кемсел бычып берчи - дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →