кемирчек

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Омурткалардын, жиликтердин ж.б. бири-бирине туташкан жериндеги анча катуу эмес, ийилчээк келген чемирчек.
  2. Тамырын казып жей турган, өзөгү солкулдак, жалбырагы тикендүү келген жапайы өсүмдүк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айуу барса аралап, / Кемирчек менен балтыркан, / Саз менен сайдан казган тоо, / Жай өтүп кышка айланса, / Тоңкойуп өлүп жаткан тоо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Саздуу жери кемирчек, / Жылгалары бээ эмчек, / Козу кулак, жоогазын, / Анын баары тамак дейт, / Жапа мыйаз, зардеги, / Согон менен кымыздык, / Төө таман менен чымылдак, / Табылып калса талаадан, / Сүйүнөт кытай жымылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Далысын кайра салганда, / Үч жыл чыдап тура албай, / Урушка кирип жакында, / Ак кемирчек чын калып, / Айып жери ал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жаш кемирчек баласын, / Бөөдө майып кылбасын, / Жолго өзүм чыгам деп, / Жооптуу өзүм кылам деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →