кемир

китептерде 15 жолу, 8 китепте
  1. Кемикти же башка катуу нерсени кашка тишке салып кетүү, кажуу, кемиктеп чайноо.
  2. өт. Жемеге алуу, тилдөө, жер-жеберине жетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңдайы дөң тултуйуп, / Мурду жалпак былчыйып, / Үстүңкү ээрди кемиреек, / Тиши чыгып ырсыйып, / Кара бойу мунардай, / Бир колу бар чынардай, / Туурасы көтөк тарыган, / Жер дүңгүрөйт каарынан, / Оозунан көбүк чачылып, / Төбөсү түшк… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эрдигине жараша, / Ылайык минген тору аты, / Тоо текедей элирет, / Токтоно албай тору аты, / Ооздугун кемирет, / Тойго барчуу немедей, / Токтоосуз кирди делбиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…, / Кутбаны карай бет алып, / Кетип барат Ажыбай, / Ат айабай жол жүрдү, / Күнү түнү талыкбай, / Арам өлгөн карт Күрөң, / Улам күчөйт чалыкпай, / Ооздук тиштеп кемирип, / Сууган сайын семирип, / Ай караңгы түндөрдө, / Тура калып табыштап, / Ала качып эрилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айуусу муздун жээгинде, / Балтырканды кемирип, / Чээнге кирчүү жеринде, / Топосун чапчып жеп жатат, / Суур койбой ийинге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бир ажайып иш көрдүм, / Байланды буудан мамыга, / Тартынбай жерди кемирди, / Байлоодон туруп семирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →