кеминде
- Аз дегенде, жок эле дегенде, эң эле болбоду дегенде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Сакычак: / Кан жутуп ичтен кайгырган / Көкчөсүнөн айрылган / Атакта бар кишиси, / Аксакалы Айдаркан: / Иледе алаш эли бар, / Айта келиш эби бар: / Үч Каркыра, Кеминде, / Чечен Үрбү теги бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Балчелектин тегереги кеминде кырк теше келген чөп чабыш.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кара-Үңкүр дегени кеминде бир короолуу кой баткыдай зоонун түбүнө бир эни-чени жок, калдайган чоң кара таш.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Же ак топурак келип, бул эл эгинди кеминде үч сугарып алат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →