кеми
- Сан, көлөм жагынан аз, кем болуу, азаюу, мурдагы толук абалынан өзгөрүү, кем болуу.
- өт. Мурдагы күч-кубатынан, кадыр баркынан, максатынан таюу, абалы өзгөрүү, төмөндөө, басына баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эркин өскөн алаштын, / Эминеден кеми бар!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кийгени көпкөк темирден, / Сүрөтү киши шекилдүү, / Кеми жок бойу сеңирден, / Үңкүр кабак, кең таноо, / Ичине эңшер, дүмчүк бел, / Кишиден башка неме экен, / Турган жерден бурулуп, / Кел Чигитей, кел!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кайырдынын кырына, / Чыгып келип Алмамбет, / Айтып турган кеби ушул: / — Акбалта уулу Чубаксың, / Айткан кепти угаарсың, / Шыпшайдар адам баласы, / Бирок шайтандан ашкан айласы, / Алып жүргөн заңгиси, / Алтымыштан санаты, / Ашпайт, андан кемибейт, / Өмүрлүк мунун адаты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейтек анда үйдө жок, / Гүлнарды ээрчитип, / Урумга кеткен болучу, / Кара дөөнүн кептерин, / Баарын айтты калтырбай, / Кутургурдун эрдигин, / Жайын айтты жашырбай, / Өөдө сүйлөп оргутуп, / Ылдый сүйлөп кемитпей, / Чынын айтты ашырбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Нар болбосо, төө болсун, / Ургаачысы болбосун, / Кары аралап калбасын, / Арыгы анда барбасын, / Миңден санын кемитпе, / Убада кыл беришке, / Ортосу алыс, жол чалыш, / Кыргыздан киши чыкпайт го, / Жылда мында келишке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →